Ала-Букада мыйзамсыз алтын казган ишкана айып төлөөдөн баш тартууда

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлтын казуу иштери. Архив
Алтын казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган компания Ала-Бука районуна караштуу Кара-Тыт аймагында 6,5 гектар жерден алтын кенин казып алуу иштерин жүргүзүп, экологияга олуттуу зыян келтирген.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ала-Бука районунун Кара-Тыт айылында алтын казган "Юр паркы" тоо-кен компаниясы 6,5 гектар жерди пайдалануудан кийин аны калыбына келтирүүдөн баш тартып жатканын Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда казуу иштери токтотулуп, аталган компания аймактан техникасын чыгарып кеткен. 

"Ишкана мамлекетке 405 миң сомдук зыян келтиргени аныкталды. Сот тарабынан айып төлөөгө милдеттендирилген. Учурда экологияга олуттуу зыян тийгизгендер соттун өкүмүн аткарбай келет", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган ишканага алтын казып алууга уруксат кагаздарын Геология жана Мамлекеттик ресурстар агенттиги берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0