Санкт-Петербургда Нева суусуна чөгүп бараткан наристени куткарган КР жарандары сыйланды

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербургдагы Нева дарыясы. Архив
Санкт-Петербургдагы Нева дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баланы аман алып калган эки кыргызстандык жаранды көрсөткөн эрдиги үчүн медаль менен сыйлады.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында Нева дарыясына чөгүп бара жаткан эки жашар Кинан Алиевди куткарып калган кыргызстандыктар — Эркин Турсунбаев менен Чыңгыз Нурмуханбетов ӨКМдин медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, КР жарандары учурда Россияда болгондуктан, сыйлык алардын атасы Эгемберди Турсунбаевге берилди. Кырсык 5-февраль күнү болгон. Сууга чөгүп бараткан баланы алгач Эркин Турсунбаев байкап, токтоосуз жардамга ашыккан.

"Эркин баланы башынан кармап чыгарды. Бала ошондо эле эсинен танып калыптыр. Жээкке сүзүп келгенде күйөө балам Чыңгыз чуркап барды. Баланы колуна алары менен муз жарылып, үчөө тең кайра сууга кирип кетишти. Суудан чыгууга төрт жолу аракет жасашты. Алсырап баратканда бир бала чуркап келип, лыжанын таягын суна калды. Ошентип жатып араң суудан чыгышты", — дейт Эгемберди Турсунбаев.

Аман калган кичинекей Кинан ооруканага жеткирилип, ал жактан ага тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Анын ата-энеси уулун сактап калгандарга чексиз ыраазы экендиктерин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0