Баткенде 54 жетим балдарга төрт миң сомдон жардам берилди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүИнтернаттагы бала. Архив
Интернаттагы бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4000 сом жана таттуу тамак-аштар бештен 15 жашка чейинки атасы же энеси жок балдарга таратылды.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Баткен району менен шаарынын аймагында жашаган жетим балдар үчүн төрт миң сомдук жардам берилди. Бул туурасында Баткен облустук казыятынын маалымат кызматынын жетекчиси Фуркат Авлиёев кабарлады.

"Жетимдин чачынан сылап коюнун өзү эле эсепсиз сооп-сыйлыкка татыктуу иш. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Баткен облустук казыяты менен биргеликте Баткен шаары жана районундагы 54 жетим балага кезектеги кайрымдуулук жардамын берди", — деди Авлиёев. 

Бишкектик сүрөтчү 19 жаштагы Алия Шагиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик сүрөтчү кыз оорулуу балдарга 200 миң сом берди
Анын айтымында, жардам көрсөтүлгөн балдар Баткен району менен шаарынын аймагында жашайт. Айыл өкмөттөр менен райондук администрация биргелешип, жардамга муктаж жетим балдардын тизмесин аныктаган. 

Маалымат кызматынын өкүлү 4000 сомдук акчалай каражат жана таттуу тамак-аштар бештен 15 жашка чейинки атасы же энеси жок балдарга берилип келгенин кошумчалады. Ал жардам жыл мезгилдеринин өзгөчөлүгүнө карата, маселен, кышка жакын жылуу кийимдер кошо тапшырылаарын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0