Эртең Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр кармаган кыздын сууда чагылышы. Архив
Кол чатыр кармаган кыздын сууда чагылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, аба ырайы 13 градус жылуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда автожолдордо тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым учурларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0