Ошто казыяттын заманбап үлгүдөгү имараты курулууда

Жазылуу
Курулуш иштерин азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми жана Катар мамлекетинен келген шейх Файсал бин Мухаммад бин Абдулла ал-Ансарий көрүп кайтышты.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана чет элдик коноктор Оштун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан облустук казыяттын курулуш иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Нарындын имамдарына кувейттик доктор семинар өттү
Иш-чарага ЖК депутаттары менен бирге бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми, Катар мамлекетинен келген шейх Файсал бин Мухаммад бин Абдулла ал-Ансарий жана жергиликтүү дин кызматкерлери катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев конокторду курулуштун жүрүшү менен тааныштырып, чет элдик меймандар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эскерте кетсек, Ош облусунун мусулмандар казыятынын үч кабаттуу имаратынын курулушу заманбап шарттагы жыйындар залы, кеӊсе бөлмөлөр, мейманкана жана ашкананы камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0