Мэрия Бишкек көчөлөрүнүн аң-чөнөктөрүн оңдоону баштады

Жазылуу
Ремонт иштери буга чейин бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Мэрияга караштуу "Бишкекасфальтсервис" ишканасы шаардын көчөлөрүндөгү аң-чөнөктөрдү оңдоону баштаганын муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин борбор калаанын төрт району боюнча жүргүзүлө турган ремонт иштеринин графиги бекитилген. 

Тартип боюнча Ленин районунда 31 көчөлөрүнүн, Октябрь районунда 51, Биринчи Май районунда 7 жана Сведлов районунда 79 көчөнүн жолдору оңдолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0