Нарындын имамдарына кувейттик доктор семинар өттү

© пресс-служба ДУМК КРКувейттен келген доктор Аатиф Ар-Рифааьи семинар учурунда.
Кувейттен келген доктор Аатиф Ар-Рифааьи семинар учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада дин жолундагы одоно көрүнүштөр, кайдыгерлик, имамдардын милдети, муну менен бирге бир топ көйгөйлөр айтылып, андан чыгуунун жолдору талкууланды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Нарын облусунун имамдары үчүн Кувейттен келген доктор Аатиф Ар-Рифааьи семинар өткөнүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы: Кыргызстанды дааватчылардын берекеси менен Кудай эле сактап турат
Маалыматка ылайык, иш-чара 29-30-март күндөрү Нарын шаарында болду. "Исламдын аруулугу аша чабуудан жана кайдыгерликтен алыс" деп аталган иш-чарага 50 имам катышты. Мында ислам дининдеги одоно көрүнүштөр, кайдыгерлик, имамдардын милдети, муну менен бирге бир топ көйгөйлөр айтылып, андан чыгуунун жолдору талкууланды.

Эскерте кетсек, семинар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кувейт мамлекети тарабынан уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0