Кыргызстан КМШдагы 5 мыкты туристтик өлкөнүн ичине кирди

Жазылуу
Туристтер үчүн Кыргызстандагы өнүккөн инфраструктура менен эс алуу бааларынын арзандыгы абдан ыңгайлуу болуп саналат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстан КМШ аймагында россиялык туристтер үчүн ыңгайлуу беш өлкөнүн катарына киргенин Travel.ru туристтик порталы аныктап чыкты.

Рейтинг акыркы жыл аралыгында туристтер тарабынан мейманканаларды брондоонун саны менен түзүлгөн. 

Сариев: туристтер үчүн коопсуздук менен маданияттуулук камсыздалышы керек
Маалыматка ылайык, КМШ өлкөлөрүндө бир күндүк эс алуу орточо баа менен 3000 рублге бааланат. Бул мамлекеттер россиялык туристтер үчүн төмөн баа, өнүккөн инфраструктура, визасыз режим жана жергиликтүү жашоочулардыне орус тилинде сүйлөшү менен кызык болуп саналат.

Алдыңкы беш өлкөнүн катарына Азербайжан, Казакстан, Армения жана Белоруссия кирет.

Россиялык туристтер арасында Бишкек шаары, Ысык-Көл жана "Каракол" тоо-лыжа базасы абдан популярдуу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0