Салык кызматы: бүгүн декларация тапшыруунун акыркы күнү

© Фото / пресс-служба ГНС КРСалык декларациясын тапшырып жаткан жаран. Архив
Салык декларациясын тапшырып жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга административдик айып салынат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуунун акыркы күнү экенин Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Декларациялык кампаниянын акыркы күнүндө аймактык салык органдары БСД кабыл алууну түнкү саат 24.00гө чейин жүргүзүшөт. 

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Салык кызматынын имаратында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы бизнес чөйрөнү инвентаризациялоону баштады
Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин Бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар берүүгө милдеттүү.

28-мартка карата декларация тапшыра турган 12 миңден ашуун мамлекеттик кызматкердин 7 миң 300ү документти тапшырууга жетишкен.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга административдик жаза катары эки миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0