Үңкүр-Тоо тууралу эки ооз сөз

© Фото / SputnikҮңкүр-Тоо. Архив
Үңкүр-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үңкүр-Тоодон Аксы алаканга салгандай болуп, ары жагы Наманган шаарына чейин көрүнөт. Эрте жазда тоо боорун кызгалдак каптап, айлана жыпар жытка бөлөнөт.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Аксы районуна караштуу Кербен шаарына кирип келген конокторду Үңкүр-Тоо тосуп чыгат. Аны айланып өтүү мүмкүн эмес. Өзүнүн айбаты, көлөмү менен көз жоосун алат. Жаздын келиши менен күңгөй тарабы кызарган кызгалдакка толуп, айлананы жыпар жытка бөлөйт. Ал тоодо кыргыздын духу, руху сакталгандай. Кербен шаарынын жаштары Үңкүр-Тоого чыгып эс алганды, гүл терип ойногонду адатка айландырышкан. Аталган тоонун дагы бир өзгөчөлүгү — жаз ортолоп калганда аска түбү ышкынга толот.

Атамбаев: эгер аба бизге Ташкент аркылуу өтсө, аны деле жаап салышмак экен
Коомчулукта өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоону коңшу өлкөгө берүү боюнча токтомго кол койгон деген маалыматтар тарап кеткен. Ал ортодо өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр андай протоколго кол койбогонун айтып, бир катар жарандар чек ара маселесин жеке кызыкчылыгына пайдалануу менен бул маселени ого бетер күчөтүп, көйгөйдүн тереңдешине шарт түзүп берүүдө деген пикирин билдирди. Анткен менен социалдык тармактарда Үңкүр-Тоо боюнча кызуу талаштар али күнчө токтой элек. Ал ортодо Жогорку Кеңештин тармактык комитети "өкмөттүн протоколун" башкы прокуратурага иликтесин деп тапшырма берди. 

Бул маселе боюнча өкмөттүн чек ара иштери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров Үңкүр-Тоо турган аймакты берүү эмес, ал жерге станцияларды куруу үчүн кошумча жер бөлүү боюнча протокол түзүлгөнүн айтты. Аталган маселе боюнча парламент жабык жыйын өткөрүп, ал жерде Темир Сариев Үңкүр-Тоону өзбек тарапка өткөрүп берүү боюнча протокол болбогонун белгиледи. 

Кербен шаардык кеңештин депутаты Эргешалы Озокеев Үңкүр-Тоо атам замандан бери кыргыздын жери болуп, ал тоого бир да өзбектин буту басып барган эмес дейт.

"Мен Кербен шаарында төрөлүп, өмүр бою ушул жерде иштеп келе жатам. Эс тарткандан бери бул тоого Өзбекстандын тиешеси бар экенин уккан эмесмин. СССР доорунан бери эле кыргыздын жери болуп, ал жерде чабандар мал кармашчу. Бала кезде биз дагы экскурсиялап Үңкүр-Тоого барчубуз", — дейт Озокеев.

Ал эми жергиликтүү тургун Рустам Тентимишов тестиер кезинен атасы экөөлөп тоо боорундагы үңкүрлөргө кой камап келгенин айтты.

"Атам малчы болгондуктан койлорубузду тоо боорундагы үңкүрлөргө камачубуз. Үңкүр-Тоо мал жайытына абдан ыңгайлуу. Тоо чокусунан Аксы аймагы алаканга салгандай көрүнөт", — дейт Тентимишов.

Аталган тоо боюнча 2013-жылы да чуу чыгып, өзбек тарап тоонун чокусуна өз желегин илип, бүтүндөй кыргыз элинин кыжырын кайнаткан. Бүгүнкү күндө расмий Бишкек Үңкүр-Тоону кыргыздыкы деген менен Ташкент ага макул эмес. 

Үңкүр-Тоо:

 

  • Аксы районуна Караштуу Кербен шаарынын батыш бөлүгүндө жайгашкан;
  • Деңиз деңгээлинен 1956 метр бийик турат;
  • Аянты 45 гектарды түзөт;
  • Анын 43,5 гектары жайыт;
  • 0,5 гектары байланыш станциялары жайгашкан;
  • 1 гектарын жолдор ээлейт;
  • Тоо чокусунда беш телеканал жана эки радиоканалды алып берген станция бар.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0