Мэрия Бишкектеги бак-дарактардын техникалык абалын аныктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү шаардагы куураган бактар кулаган эки учур катталды. Анын бири адам өлүмүнө алып келсе, экинчиси Бишкек тургунун катуу жабырланткан.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мэрияда куураган бактарды аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн мекемеде шаар башчысынын жетекчилиги менен жыйын өтүп, анда борбор калаанын аймагындагы бак-дарактардын техникалык абалын аныктай турган атайын жумушчу топ түзүлдү.

Бишкектеги кургап калган бак-дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия авариялык абалдагы бак-дарак тууралуу WhatsApp аркылуу билдирүүнү сунуштайт
Комиссия өз ишин 27-апрелге чейин бүткөрүшү керек. 

Жумушчу топтун ишин көзөмөлдөө милдети вице-мэр Эркинбек Исаковго жүктөлдү. 

Эскерте кетсек, 27-мартта саат 19.05тер чамасында Турусбеков көчөсүндө (Пушкин менен кесилишкен жерде) болгон. Бак токтоп турган Toyota Camry машинасын жана көчөдөн өтүп бараткан Toyota Estima автоунаасын басып калып, 37 жаштагы айдоочу каза болгон. 

Мындан тышкары, кечээ Эркиндик бульварында чоң бутак сынып кетип, отургучта отурган жарандын башына тийген.

Жаңылыктар түрмөгү
0