Баткендин Самаркандек айылында мектептин курулушу башталды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКуруу иштери. Архив
Куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков буга чейин аталган райондо 11 мектеп курулганын белгилеп өттү.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Баткен районунун Самаркандек айылында эки кабаттуу мектептин курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи өткөнүн өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Нарында "Жер-Үй" кенинин акчасына мектептин пайдубалы түптөлдү
Маалыматка ылайык, 150 орундуу окуу жайдын курулушуна 37 миллион 100 миң сом бөлүнгөн. 

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков буга чейин аталган райондо 11 мектеп курулуп, чек аралаш айылдардын социалдык-экономикалык абалы бир топ жакшырганын белгиледи. 

Капсула салуу аземине жергиликтүү бийликтин бир катар өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0