Бишкектин айрым көчөлөрүндө газ эки күнгө өчүрүлөт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГаз түтүгү. Архив
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана газ түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлө турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкектин бир нече көчөлөрүндө 30-31-март күндөрү газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Жаратылыш газы Термечиков, Садырбаев, Лев Толстой, Түндүк-Ипподром көчөлөрүнүн чектешкен бөлүгүндө өчүрүлөт. 

"Газпром Кыргызстан" жарандарга түзүлгөн ыңгайсыздык газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0