Россия жаранына мыйзамсыз паспорт берген кызматкерлерге кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту жана акча. Архив
Кыргыз Республикасынын паспорту жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке ишкер 2007-жылы эле Россия жарандыгына ээ болгон. Ал эми Кыргызстандын паспортун алуу маалында анын чет өлкөдө жүргөнү белгилүү болду.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россия жаранына мыйзамсыз паспорт берген Свердлов районунун паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин "Орто-Сай" базарында дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенип келген жеке ишкер кармалган. Текшерүү маалында аталган жаран 1974-жылкы паспортунун жоголуп кеткенине байланыштуу 2013-жылы Свердлов районунун паспорт столунан документ берилген. 

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда теракт жасоого даярданган топ кармалып, мүчөлөрү камакка алынды
Бирок иликтөөнүн жүрүшүндө ишкер Кыргыз ССРинин паспортун өткөрүп 2007-жылы эле Россиянын паспортун алганы аныкталган. Мындан тышкары Кыргызстандан паспорт алып жаткан маалда аталган жаран чет өлкөдө жүргөнү, мындан улам расмий кайрылуу жасай алмак эместиги белгилүү болду.

Бул факты боюнча Свердлов районунун паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (Документтерди жасалмалоо) жана 315-1 (КРнын паспортун мыйзамсыз берүү, документке жалган маалымат киргизүү) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0