Сарпашев: жергиликтүү кеңеш шайлоосунда эски паспорттуу 480 адам добуш бербей калды

© Sputnik / Исмаил МамытовШайлоо участогунда кезекте турган адамдар. Архив
Шайлоо участогунда кезекте турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоо кызматынын жетекчиси жекшемби күнү өткөн шайлоодо 18ге толгон 2592 жаран биринчи жолу добуш бергенин маалымдады.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 27-мартында болуп өткөн жергиликтүү кеңеш шайлоосуна эски паспорт алып жүргөн 480 жаран добуш бере албай калды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде ID-картасы бар, биометрикалык маалымат тапшырган жаран гана добуш берүү укугуна ээ болот. Сарпашев күзүндө боло турган жергиликтүү жана шаардык кеңеш шайлоолорунда да ушундай эле талаптар коюларын айтты.

"Учурда Кыргызстанда 1994-жылкы эски паспорт алып жүргөн 10 миңге чукул жаран бар. Күзүндө өлкөнүн 85 пайыз аймагында шайлоо өтөт. Андыктан, азыртадан паспорт алмаштырууга кам көрүү керек", — деди МКК башчысы.

Сарпашев жекшембиде өткөн шайлоодо 18ге толгон 2592 жаран биринчи жолу добуш бергенин маалымдады. Мындан улам мекеме башчысы шайлоочулардын тизмеси дайым өзгөрүп турарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0