Мэрия көчөмө көчө кыдырып муниципалдык менчикти эсепке алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим жергиликтүү бюджетке кошумча киреше табуу максатында кабыл алынган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Мэрия Бишкектин муниципалдык менчигиндеги объектилерди инвентаризациялоо боюнча ыкчам штаб түзгөнүн аталган мекеме билдирди.

Көчөт отургузуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Туңгуч" кичи районунда карагайдын көчөттөрү отургузулду
Маалыматка ылайык, мэрияда шаар башчысы Албек Ибраимовдун жетекчилиги менен жергиликтүү бюджеттин резерви жана кошумча киреше табуу боюнча жыйын өттү.

Анда Бишкектин аймагында жайгашкан муниципалдык менчиктеги объектилерди текшерип, аларды каттоого ала турган атайын жумушчу топ түзүлдү.

Штаб бир айдын ичинде көчөмө көчө кыдырып муниципалдык менчикти эсепке алмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0