Нарында "Жер-Үй" кенинин акчасына мектептин пайдубалы түптөлдү

© Айнура Дуйшок кызыНарын районуна караштуу Эчки-Башы айылындагы мектептин жаңы имаратын түптөө аземи
Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылындагы мектептин жаңы имаратын түптөө аземи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин жаңы имаратына 62,4 миллион сом бөлүнгөн. Буга чейин эски окуу жайда 360 окуучу окуп, 34 мугалим эмгектенип келет.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылындагы мектептин жаңы имаратын түптөө аземи болду. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лейлекте эки айылдын 150 наристеси бала бакчага бара баштайт
Имаратты түптөө салтанатында өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов "Жер-Үй" алтын кенинен түшкөн каражатка республика боюнча жаңы курулуп жаткан 100 мектептин ичинде облус боюнча быйыл 12 объект бар экенин маалымдап, аталган окуу жай дагы ушул каражаттан курулуп жатканын белгиледи.

Мектептин 225 орундуу имаратына 62,4 миллион сом бөлүнгөн. Курулушту 1-декабрга чейин бүтүрүү пландаштырылган.

Эскерте кетсек, 1962-жылы пайдаланууга берилген Иманалиев атындагы мектеп акыркы жылдары эскилиги жетип жаңы имарат салууга муктаждык жаралган. Учурда мектепте 360 окуучу окуп, 34 мугалим эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0