Атамбаев адам өлүмүнө алып келген терактыдан улам Пакистандын президентине көңүл айтты

© AFP / ARIF ALI Взрыв в городе Лахор на востоке Пакистана
Взрыв в городе Лахор на востоке Пакистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лахор шаарындагы балдар паркынын жанында жардыруудан улам 69 адам набыт кетип, 300дөн ашууну жарадар болгон. Көз жумгандардын 23ү балдар экени айтылган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Лахор шаарындагы терактыга байланыштуу Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-март күнү Пакистандын Лахор шаарында балдар паркынын жанында жардыруу болуп, андан акыркы маалыматтар боюнча 69 адамдын көз жумганы, алардын 23ү наристелер экени айтылган. Мындан кырсык кесепетинен 300дөн ашуун адам жабыркаган.

"Кыргызстан кандай гана көрүнүштө болбосун терроризмди чечкиндүү айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы аракеттерин колдойт", — деп айтылат телеграммада.

Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирек сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0