Азирети муфтий иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

© Sputnik / Табылды КадырбековАзирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив
Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтийдин иш сапары Кыргызстандын жалпы аймагындагы диний абал менен таанышуу максатын көздөйт. Буга чейин Максатбек ажы Токтомушев Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында болуп кайткан.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 29-30-мартка белгиленген. Анын алкагында Азирети муфтий жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаалдан кабар алмакчы. 

Эскерте кетсек, муфтий Максатбек ажы Токтомушев буга чейин иш сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында болуп, аймактагы жергиликтүү тургундар менен жолугушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0