Жети-Өгүздүн Липенка айылына 9 миң терек отургузулду

© пресс-служба полпредства правительства КР в Иссык-Кульской областиЫсык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Липенка айылында 4,5 гектар жерге 9000 теректин көчөтү отургузулду.
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Липенка айылында 4,5 гектар жерге 9000 теректин көчөтү отургузулду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашарга катышкан облустун жетекчиси Аскат Акибаев аймактагы айылдар менен шаарларды жашылдандыруу иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Липенка айылында 4,5 гектар жерге 9000 теректин көчөтү отургузулганын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара ишембиликтин алкагында жүрүп, ашар ыкмасы менен ишке ашты.

© пресс-служба полпредства правительства КР в Иссык-Кульской областиЫсык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Липенка айылында 4,5 гектар жерге 9000 теректин көчөтү отургузулду.
1/2
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Липенка айылында 4,5 гектар жерге 9000 теректин көчөтү отургузулду.
© пресс-служба полпредства правительства КР в Иссык-Кульской областиИш-чара ишембиликтин алкагында жүрүп, ашар ыкмасы менен ишке ашты.
2/2
Иш-чара ишембиликтин алкагында жүрүп, ашар ыкмасы менен ишке ашты.
1/2
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Липенка айылында 4,5 гектар жерге 9000 теректин көчөтү отургузулду.
2/2
Иш-чара ишембиликтин алкагында жүрүп, ашар ыкмасы менен ишке ашты.

Жети-Өгүз районунун акими Калыс Жудеевдин айтымында, мындан эки жыл мурун да Богатыровка айылында 10 гектар жерге 12 миң теректин көчөтү отургузулса, ушунча эле бак былтыр Ички-Булуң айылынын беш гектар жерине отургузулган. 

"Мурунку көчөттөрдүн 70 пайызы өсүп чыкты. Бул жакшы жыйынтык. Терек тез өсүп, ага аймактын аба ырайы жердин кыртышы абдан ылайыктуу келет. Анын үстүнө терек — жакшы курулуш материалы болуп саналат", — деди аким.

Жаңы отургузулган бактын айланасы тосулары айтылууда. Бакка кам көрүү милдети айыл өкмөткө жүктөлдү.

Муну менен бирге ашарга катышкан облустун жетекчиси Аскат Акибаев аймактагы айылдар менен шаарларды жашылдандыруу иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0