Кыргызстандагы интернеттин өчүрүлүшү жол кырсыгына байланыштуу болгон

Жазылуу
Азыркыга чейин интернети жок отурган керектөөчүлөргө роутерди 10 секундага өчүрүп, кайра жандыруу сунушталат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ишемби күнү саат 21.00 чамасында көпчүлүк кыргызстандыктардын интернети өчүп калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Whats App-каналы аркылуу жарандар билдиришкен.

"Сырткы байланыш үзүлдү", — деп бир окурман жазса, башкалары интернет kg зонасында гана эмес, тышка чыгуу байланышы дагы жоголгонун айтышкан.

Өлкөдөгү эң ири "ЭлКат" провайдери интернеттин өчүшүн Чүй облусунда катталган жол кырсыгына байланыштуу болгонун билдирди. 

"Казакстан менен чектешкен жерде жайгашкан интернет кабелин кармаган мамычаны унаа сүзүп кеткен. Түнкү саат экиге чейин оңдоо иштери жүргүзүлдү. Мындан башка Казакстандын аймагында дагы авария катталды, бирок ал бат эле калыбына келтирилген. Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02.06 чамасында интернет кайрадан берилди", — деп билдирди "ЭлКат" компаниясынын инженери Анатолий Попов.

Буга карабастан, эртең менен айрым окурмандар интернет байланышы жок экенини билдиришкен.

"Ал колдонуучулар роутер колдонушат окшойт. Мындай учурда роутерди 10 секундга өчүрүп, кайра жандыруу керек. Андан кийин интернет иштеши керек", — деп билдирди провайдер оператору.

Анын айтуусунда, интернеттин өчүшүнө дагы башка себептер болушу мүмкүн. Мисалы, абоненттик төлөм убактысы келип калгандыр. 

Беш саатка жакын интернети жок отурган керектөөчүлөргө компенсация берүү тууралуу азырынча, маалымат жок. Операторлор дем алыш күнү жетекчилик жок экенин айтып, так жооп бере албай тургандыктарын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0