Дарыгерлер: Зика менен ооругандар эки айга жакын бойго бүтүрбөй турушу керек

© AP Photo / Jorge SaenzПарагвайдын Лука шаарынын ооруканасында жаткан аял. Архив
Парагвайдын Лука шаарынын ооруканасында жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдар оорунун белгиси пайда болгондон тарта сегиз жумага чейин бойго бүтүрбөй турушу керек. Ал эми эректерге алты апталык мөөнөт жетиштүү деп билдиришти АКШ дарыгерлери.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору бейтаптарга Зика оорусу түйүлдүккө жугуп калбашы үчүн сегиз жума бойго бүтүрбөй туруу керектигин айтышты. Бул туурасында РИА Новости Рейтер маалымат агенттигине таянып билдирди.

Сотрудник лаборатории проводит анализ на наличие вируса зика. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кайдан келген немесиң, Зика?
Медиктер оорунун белгилери пайда болгондон тарта сегиз жумага чейин бойго бүтүрүүдөн таптакыр баш тартуу керектигине кеңеш беришти. Ал эми эркектерге алты аптага чейин балалуу болууну пландабай тургула дешти. 

Окумуштуулар аялдар менен эркектердин канында жана урук суюктугунда вирустун канча убакытка чейин болорун аныктагандан кийин жогорудагыдай тыянакка келишкен.

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0