Оштун имамдары эсеп-кысаптын сырларын үйрөнүүдө

© Sputnik / Юлия Честнова / Медиабанкка өтүүКалькулятор. Архив
Калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара шаардагы "Сулайман Тоо" мечитинин жыйындар залында өттү. Имамдарга эсеп-кысаптын сырларын шаардык казыяттын башкы эсепчиси үйрөттү.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаарында жалпы мечит кызматкерлерине эсеп-кысап иштерин жүргүзүүнү, каржы тармагын жөнгө салуу, мүлктөрдү каттоо боюнча атайын сабактар өтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Куран китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Республикалык Куран жарышынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Маалыматка ылайык, имамдарга эсеп-кысаптын сырларын шаардык казыяттын башкы эсепчиси үйрөттү. 

Иш-чара Ош шаарынын борбордук "Сулайман Тоо" мечитинин жыйындар залында өтүп, ага шаар казысынын орун басары Анасхан Ташхужаев, казыяттын башкы эсепчиси Надыров Билалиддин жана имамдар катышты.

Эсеп-кысап иштерин түшүндүрүү учурунда мечиттердеги каржы тармагындагы кириш-чыгыш иш кагаздарын толтуруу, эсеп-кысапты туура жана өз убагында аткаруу маселелери боюнча кеңири түшүндүрмө берилген эрежелер үйрөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0