Сариев: акимдер акчаны убагында ала албай жатканы тууралуу доомат коюп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймактарынын абалын жакшыртуу максатында бөлүнгөн каражат өз маалында берилиши керектигин премьер-министр кечээ өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Аймактарды каржылоо эки жумадан кечиктирилбеши керек. Бул тууралуу премьер-министр өкмөт жыйынында билдирди.

Жүк ташуучу уна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластын картөшкөсүн казактар өткөрбөй жатат. Кайчы пикирлер
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-мартта өткөн жыйында аймактардагы калктын турмушун жакшыртып, жергиликтүү райондордун экономикалык абалын көтөрүү багытында алардын чыгымдарын каржылоо тууралуу долбоор талкууланды. 

Анда финансы министри Адылбек Касымалиев өкмөттүн токтомуна ылайык колдоо көрсөтүлө турган аймактар тууралуу маалымат берди. Азыркы тапта Талас облусуна жана Талас районуна 340,7 миллион сом, мындан сырткары, Чоң-Алай, Ала-Бука, Аксы, Тогуз-Торо жана Чаткал райондоруна 406,2 миллион сом бөлүү тууралуу токтомго өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Сариев жергиликтүү акимдер каражатты убагында ала албай жатканы тууралуу доомат коюп жатканын айтты. 

"Бул маселени 15 күнгө калтырбай чечүү керек. Анткени жаз келип калды. Балким айрым райондор айыл-чарба техникалырын же айдоо аянттарын иштетүүгө каражат таппай жаткандыр. Андыктан эмки жума Жогорку Кеңешке алып барып, маселени чечип, каражатты көздөгөн жерге тез арада жеткиргиле", — деди өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, аталган каражат 2016-2018-жылдарга аймактардын абалын жакшыртуу максатында жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0