Искандаров: Кыргызстан бирөөнүн жерине көз артпайт, өзүнүкүн да эч кимге бербейт

© Пресс-служба правительства КРӨкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров. Архив
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери улантылат. Учурда эки тараптын ортосунда макулдашылбаган 58 аймак бар.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстан бирөөнүн жерине көз артпайт, бирок өзүнүкүн да эч кимге бербейт. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстан бир катар көйгөйлөрүнөн арылып, унаа байланышы жана энергетика жагынан көз карандысыздыкка жетишти. 

"Мен дагы бир ирет кайталайм, кыргыз жеринин бир да сантиметри эч кимге берилбейт. Муну менен бирге эч кимдин жерине да көз артпайт. Өз чек арабызды коргоо боюнча чараларды көрөбүз. Кыргызстан өзгөрдү. Азыр ал мурункудай эмес", — деди Искандаров.

Өкмөттүн өкүлү чек ара окуясы кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөргө таасир этиши мүмкүн экенин белгиледи.

"Макулдашыла элек 58 аймак бар. Албетте, болуп өткөн окуя чек араны делимитациялоо ишине кедергисин тийгизиши ыктымал", — деди ал.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын демилгеси менен болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Чаласарт аймагынан 18-марттан бери турган Өзбекстандын аскер техникасы менен жоокерлери чыгарылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн кырдаалдын келип чыгуусун жана башка күңгөй-тескейин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0