Кыргызстанда эми ар бир окуу жай контракттык бааны өз алдынча чектейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын эл аралык университети. Архив
Кыргызстандын эл аралык университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн жыйынында токтом кабыл алынып, анда Монополияга каршы органдын жогорку жана орто-кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын тарифин жөнгө салуу милдети жоюлду.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Келишимдик негизде билим берген окуу жайлардын контракт көлөмүн аныктоосуна мамлекеттик кийлигишүүнү чектөө зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай чара мамлекеттин билим берүү тармагында атаандаштыктын жогорулашын шарттап, анын өнүгүүсүнө түрткү болот.

"Окуу жайлардын тарифин белгилөөдө мамлекеттин кийлигишүүсүн чектөө зарыл", — деди өкмөт башчы. 

Тиешелүү токтом өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, Монополияга каршы органдын жогорку жана орто-кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын тарифин жөнгө салуу милдети жоюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0