Бишкек мэри троллейбус айдоочуларынын маянасын 50 пайызга көтөрөм деп сөз берди

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек мэри Албек Ибраимов. Архив
Бишкек мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек троллейбус башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалганча анын милдетин вице-мэр Геннадий Милицкий аткара турган болду.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов троллейбус айдоочуларынын маянасын 1-апрелден тарта жогорулатарын айтты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ибраимов: жаңы унаа жайларына акы төлөнөт
Бүгүн, троллейбус айдоочулары башкармалыкка, маянанын аздыгына жана бир канча көйгөлөргө нааразы болуп иш ташташкан. Вице-мэр Геннадий Милицкий жыйналышка катышып, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Мадылбек Абдразаковду убактылуу иштен четтеткен. Маселени кайрадан талкуулоо үчүн бүгүн саат 15.00гө кайрадан жыйналыш уюштурулган

Белгиленген жыйналышка, мэр Албек Ибраимов, вице-мэр Геннадий Милицкий жана Бишкек троллейбус башкармалыгынын өкүлдөрү катышканы маалыматта белгиленген.

"Троллейбус айдоочуларынын биринчи койгон талабы маянанын аздыгы жана жетекчиликтин башкаруу системасына нааразы экендиктерин билдиришти", — деп айтылат маалыматта. 

Мэр Ибраимов: газ менен жүрүүчү автобустарга басым жасалууда
Айдоочулардын көйгөйүн уккан шаар мэри Ибраимов 1-апрелден тарта маянаны 20-30 пайызга, жыл аягына чейин 50 пайызга жогорулатып берүүгө сөз бергени маалыматта баса белгиленген. 

Мындан сырткары, башкармалыкка жаңы жетекчи дайындалганча анын милдетин Геннадий Милицкий аткара турган болду. Ал вице-мэрлик кызматын дагы аркалай берет. 

Жыйындын жыйынтыгында, апрель айынын ортосунда дагы бир ирет жолугуу өткөрүү айтылган. Анда троллейбустардын жүрүү багыттарын өзгөртүү маселеси талкууланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0