Профессор Алмаз Исабеков дүйнөдөн кайтты

© flickr.com / Elizabeth McClayГүл. Архив
Гүл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исабеков колунан чыккан студенттер учурда Кыргызстандын булуң-бурчтарында, чет мамлекеттерде чыгармачылык ишмердүүлүк, окутуучулук жана ар кандай кызматтарда ийгиликтүү эмгектенип жатышат.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бүгүн, 24-мартта кыргыздын белгилүү окутуучусу, профессор, КРнын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Алмаз Исабеков дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Тарас Токомбаев дүйнө салды
Алмаз Исабеков орто мектепти аяктагандан кийин 1957-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институттун актердук искусство факультетин бүтүрүп, ошондон тарта Кыргыз улуттук Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын жетектеген. 

1974-1977-жылдары Абдумомунов атындагы драма театрында директорлук кызматты аткарган. 1977-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде "Режиссердук жана актердук чеберчилик" факультетинде көркөм сөз жана сахна тили боюнча окутуучу, кафедра башчысы, "Театр жана кино" факультетинин деканы болгон.

Исабеков өзүнүн педагогикалык жолунда бир канчалаган студент-таланттарды тарбиялап өстүрдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0