ИИМ: Ошто абал тынч, митингге эч ким чыккан жок

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаарынын борбордук аянты. Архив
Ош шаарынын борбордук аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ оппозициялык кыймыл түштүк борбордо өткөрүүнү пландаган митингди кийинки мөөнөткө жылдырганын билдирген.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Учурда Ош шаарында абал тынч, саясий талаптар менен нааразычылыкка чыккан топтор жок. Шаардыктардын жашоосу өз калыбында өтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Кечээ, оппозиция өкүлү "Эл үнү" оппозициялык кыймылы өлкөдөгү кыргыз-өзбек чек арасына байланышкан абалдан улам, мурда пландалган митингге чыкпай тургандыгын билдиришкен. 

Ашырбаев учурда облустук ИИБ жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоого карата күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0