Куран окуу сынагынын жеңүүчүлөрү дүйнөлүк жарышка барат

Жазылуу
Ушу тапта Бишкек шаарындагы борбордук мечитте Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык Куран жарышы өтүүдө.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Куран конкурсунун жеңүүчүлөрү Малайзия, Сауд Аравияда өтө турган дүйнөлүк Куран жарышына барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, учурда Бишкек шаарындагы борбордук мечитте Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык Куран жарышы өтүүдө. Ал 23-мартта башталып, 25-март күнү аяктамакчы.

"Республикалык конкурстан жеңген балдар Малайзия, Сауд Аравияда өтө турган дүйнөлүк Куран жарышына катышат. Мындан сырткары, жеңүүчүлөргө 28-мартта баалуу белектер берилет", — деп билдерет маалымат кызмат.

Аталган жарыштын ачылыш салтанатына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов, КМДБнын окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси Замир кары Ракиев, "Ихсан Хойрия" фондунун төрагасы жана дин аалымдары, Сауд Аравиядан келишкен меймандар катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0