Мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттыруу боюнча жаңы институт иш алып барат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМектепте сабак учуру. Архив
Мектепте сабак учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ачыла турган мекеме мектеп мугалимдери үчүн окутуунун заманбап ыкмаларын жана педагогикалык жаңы тажрыйбаларды үйрөнүүгө шарт түзүп берүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институт ачылып жатканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, институт мектеп мугалимдери үчүн окутуунун заманбап ыкмаларын жана педагогикалык жаңы тажрыйбаларды үйрөнүүгө шарт түзүп берүү максатын көздөйт.

Сариеванын айтымында, окуучулардын мыкты ийгилик жаратышы үчүн мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттыруу зарыл.

"Бул үчүн окуу жылынын башында мугалимдердин айлык акысы жогорулады. Министрлик педагогикалык адистерди даярдоонун стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, жаштар эми мектепке тийиштүү квалификациясы менен келет. Бул саамалыктар төрт жылдан кийин гана өз жемишин бере баштайт. Азыр учурдагы мугалимдердин иш тажрыйбасын жакшыртууга жардам беребиз", — деди министр.

Анын айтымында, жаңы институт педагогикалык ЖОЖдор менен тыгыз иш алып барып, өз программасын жаңы стандарттарга ылайыктап иштеп чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0