Ош облусунда 2016-жылдын алгачкы үч айында 30 мечит каттодон өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековСулайман-Тоонун алдындагы чоң мечит, Ош. Архив
Сулайман-Тоонун алдындагы чоң мечит, Ош. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган облуста жалпысынан 822 мечит бар. Облустук казыят жыл бүткөнчө баарын каттоодон өткөрүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ош облусунда 2016-жылдын алгачкы үч айында 30 мечит каттодон өттү. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, каттоону Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жүргүзүүдө. 

"Буга чейин Ош облусундагы жети райондун имамдарына мечиттерди каттоо боюнча кандай документтер керектелээри тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөн. Мындай аракеттер өзүнүн натыйжасын берип, үч ай ичинде 30 мечит каттодон өттү. Бул көрсөткүч 2015-жылга караганда бир топ жогору, анткени былтыркы жылы жалпысынан 55 мечит гана каттоодон өткөн", — деп билдирет маалымат кызмат.

Ош облусунда жалпысынан 822 мечит бар. Облустук казыят жыл бүткөнчө баарын каттоодон өткөрүүнү пландап жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0