Немис дарыгерлери Германияда акысыз дарылоо үчүн Таластан 10 баланы тандап алышты

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүБалдар ооруканасы. Архив
Балдар ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2013-жылдан бери Германияга 24 кыргызстандык бала жөнөтүлүп, анын 16сы айыгып үйлөрүнө кайтып келген.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Немис дарыгерлери Германияда акысыз дарылоо үчүн Талас облусунан 10 бала тандап алышканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Буга чейин 14-15-март күндөрү дарылоо үчүн оорулуу балдарды тандоо иш-чарасы жүргүзүлөрү айтылган.

Ооруканадагы дарылануучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рак илдетине чалдыккандарга акысыз жардам көрсөтүү токтотулат. Маселенин күңгөй-тескейи
Мында басым аз камсыз үй-бүлөнүн бир жаштан 11 жашка чейинки балдарына жасалат. Германиядан дарылануу үчүн тубаса табарсык оорусуна туш болгон, сөөктөрү өспөй калган, күйүктөн жапа чеккен, сөөктөрдүн туура эмес өсүшүнөн жабыр тарткан, Гиршпруен илдетине тушуккан, эписпадия жана гипоспадия, органдардын артрезиясы, тубаса катаракта менен жабыркаган наристелер жөнөтүлөт.

Балдар Friedensdorf International кайрымдуулук уюму, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлери тарабынан тандалып алынды.

Акысыз дарыланууга арыз берген 360 баланын ичинен 174 балага расмий чакыруу келген. Тандалып алынган балдардын бешөө август айында, калганы 2017-жылдын февраль айында Германияга жөнөтүлөт. 

Эскерте кетсек, үч жылдан бери Германиянын клиникаларында 24 кыргызстандык бала дарыланды. Анын 16сы учурда мекенине кайтып келди. Ооруканада дагы сегиз бала дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0