Консул: Брюсселде 50гө жакын КР жараны жашайт, алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБрюссель шаары. Архив
Брюссель шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-мартта Бельгиянын борбору Брюссель шаарындагы аэропортто жана эки метро станциясында жарылуулар болуп, акыркы маалыматтар боюнча 27 киши каза болуп, 35тен ашык киши жаракат алган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бельгиянын борбору Брюсселде болгон бир нече жарылуудан алдын ала маалыматтар боюнча кыргызстандыктар жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Белгиядагы консулу Руслан Бекболотов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Брюсселдеги аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жардыруу эми Брюсселдин метросунда болду
Белгилей кетсек, 22-мартта Бельгиянын борбору Брюссель шаарында аэропортто жана метродо жарылуулар болгон.

Бекболотовдун айтымында, Брюсселде 50гө жакын кыргызстандык жашайт. Ал эми жалпы Бельгия боюнча 700дөй киши консулдук каттоого алынган.

Көп жылдардан бери Белгияда жашаган Улан Султанов учурда консул менен байланышып, жабыркагандар арасында кыргызстандыктардын бар-жогун билүүгө аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Султановдун айтымында, жергиликтүү Жалпыга маалымдоо каражаттары 27 кишининин каза болгонун, 35тен ашыгы түрдүү жаракат алганын маалымдоодо.

Алдын ала маалыматтар боюнча Брюсселдин аэропортундагы жардырууну жан кечти жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0