ТЭЦтеги кырсыктан оор жаракат алган жумушчу каза болду

Жазылуу
Жылуулук электр станциясында 17-мартта жалын чыгып, эки жаран оор жаракат алган. Бир жарандын денесинин 90 пайызы күйсө, экинчисиники 12 пайызы күйгөн.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Жылуулук электр станциясында (ТЭЦ) чыккан жалындан оор жаракат алгандардын бири каза болду. Бул тууралуу Жылуулук электр станциясынан кабарлашты. 

Эскерте кетсек, борбор калаадагы Жылуулук электр станциясында (ТЭЦ) 17-мартта кырсык болуп, эки жаран оор жаракат алган. Бир жарандын денесинин 90 пайызы күйсө, экинчисиники 12 пайызы күйгөн. Учурда экинчи жарандын абалы туруктуу. 

Аталган факты боюнча жабыркагандар алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык жана өрттехникалык экспертизалар дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0