ИИМ кызыл дарактан жасалуучу плакеткаларды 20 миң сомдон сатып алат

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкеринин шеврону. Архив
ИИМ кызматкеринин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, министрлик 200 миң сомго 10 плакетка сатып алууну көздөп жатат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги кызыл дарактан жасалган плакеткалардын ар бирин 20 миң сомдон сатып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Плакетка — бул декоративдик медаль. Ал жөнөкөй медалдардан тик бурчтуу формасы менен айырмаланат. 

Сайттагы маалыматка ылайык, ИИМ 200 миң сомго 10 плакетка сатып алууну көздөп жатат. Мындан сырткары, 50 сомдук эки грамота менен 200 сомдук рамка сатып алууну көздөп жатат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0