Сариев чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Жазылуу
Жыйынга Коргоо кеңешинин, Мамлекеттик чекара кызматынын жана башка бир катар мамлекеттик орган ɵкүлдɵрү катышкан.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев мамлекеттик чек араны чыңдоо боюнча жыйын ɵткɵрүп, ɵлкɵнүн чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт өкүлү: Өзбекстан тарапты чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечкенге чакырабыз
Жыйынга Коргоо кеңешинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана башка бир катар мамлекеттик орган ɵкүлдɵрү катышкан. 

Өкмɵт башчы чек арада түзүлгɵн кырдаалга байланыштуу күч түзүмдɵрүнүн маалыматын укту.

Сариев тийиштүү органдар мамлекеттик чекаранын коопсуздугун камсыздоо жана аны чыңдоо боюнча ɵз функцияларын так аткарууга тийиш экендигин айтты, деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Жыйын соңунда премьер тийиштүү органдарга ɵлкɵнүн чектеш аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0