Окумуштуулар "көлдүк мамонттун" азуу тиши менен баш сөөгүн казып чыгарышты

© Канат БолотовАк-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда табылган мамонтко окшош жандык
Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда табылган мамонтко окшош жандык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байыркы жаныбардын калдыктары табылган жерде иштеп жаткан окумуштуулар тобу бүгүн-эртең казуу иштерин бүтүрүшөт.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстандын окумуштуулары "көлдүк мамонттун" азуу тишин баш сөөгү менен казып чыгарышты. 

Анын лабораториялык изилдөө иштери Бишкекте жүргүзүлөт, деп сөөктү казуу иштерин жүргүзгөн топтун жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Кадича Ташбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

© Канат БолотовКыргызстандын окумуштуулары "көлдүк мамонттун" азуу тишин баш сөөгү менен казып чыгарышты.
1/3
Кыргызстандын окумуштуулары "көлдүк мамонттун" азуу тишин баш сөөгү менен казып чыгарышты.
© Канат БолотовАнын лабораториялык изилдөө иштери Бишкекте жүргүзүлөт.
2/3
Анын лабораториялык изилдөө иштери Бишкекте жүргүзүлөт.
© Канат БолотовОкумуштуулардын тобу байыркы жаныбардын калдыктарын казуу иштерин бүгүн-эртең аяктайт.
Окумуштуулардын тобу байыркы жаныбардын калдыктарын казуу иштерин бүгүн-эртең аяктайт. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Окумуштуулардын тобу байыркы жаныбардын калдыктарын казуу иштерин бүгүн-эртең аяктайт.
1/3
Кыргызстандын окумуштуулары "көлдүк мамонттун" азуу тишин баш сөөгү менен казып чыгарышты.
2/3
Анын лабораториялык изилдөө иштери Бишкекте жүргүзүлөт.
3/3
Окумуштуулардын тобу байыркы жаныбардын калдыктарын казуу иштерин бүгүн-эртең аяктайт.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 10-мартта Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын азуу тишин тапкан

© Канат БолотовРаскопки доисторического животного, похожего на мамонта, найденного в Иссык-Кульской области
Раскопки доисторического животного, похожего на мамонта, найденного в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Раскопки доисторического животного, похожего на мамонта, найденного в Иссык-Кульской области

Ташбаеванын айтымында, окумуштуулардын тобу байыркы жаныбардын калдыктарын казуу иштерин бүгүн-эртең аяктайт. 

"Лабораториялык анализдерден кийин ал кайсы жаныбарга таандык экенин, канчанчы жылдары жашаганы так билинет. Анализди Бишкектен жасайбыз", — дейт ал.

Топтун мүчөлөрү байыркы жаныбардын сөөгү табылган жердин чеке-белин да изилдеп, анализдерди алып жатканын Ташбаева кошумчалады. Азырынча азуу тиш жана баш сөөгүнөн башка эч нерсе табыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0