Жогоку Кеңештин төрагасы Жээнбеков Кыргызстан элин Нооруз менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогоку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив
Жогоку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нооруз майрамына арналган негизги иш-чара Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында өттү.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Жогоку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстан элин Нооруз менен куттуктап, телегейи тегиз, өнүккөн өлкөлөрдүн көчүнө кошулабыз деген тилегин билдирди. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

"Абалтан ата-бабаларыбыз күн менен түн тогошкондо элди биримдикке үндөп, касташканды жараштырган. Жараткандан баба дыйкандын ак эмгеги молчулукту камсыз кылышын тилеген. Бүгүн дагы ошол жөрөлгөнү улай, Улустун улуу күнүн адам баласын арууланткан асыл ой, жаркын келечекти көздөгөн арымдуу максаттар менен тосуп жатабыз", — деп айтылат Жээнбековдун куттуктоодо.

Спикер Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн көчүнө кошулаарына ишеним арткан.

"Кылымдарды карыткан улуттук маданиятыбызды жана көөнөргүс тарыхыбызды аздектеп, мамлекеттүүлүктү бекемдөө ишин тереңдетип уланта берели. Кудай буюрса, ынтымагыбыздын аркасында баардык убактылуу кыйынчылыктарды жеңип, телегейи тегиз, өнүккөн өлкөлөрдүн көчүнө кошулабыз", — деди спикер.

Бүгүн Нооруз майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында белгиленип, улуттук ар кыл оюндар менен коштолот. Негизги иш-чара Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында өттү.

Ноорузга карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0