КТРКнын кызматкерлери кыргыз тилинин эрежелерин үйрөнүшүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз тилди үйрөнүү китеби. Архив
Кыргыз тилди үйрөнүү китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чараны тил боюнча комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору өткөрүп жатат. Демилге комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовго таандык.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын кызматкерлери кыргыз тилинин эрежелерин үйрөнүү боюнча семинар-тренингден өтүп жатышканын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору өткөрүүдө. Окутуу иштери боюнча маселе комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов тарабынан сунушталган. 

"Эки тараптуу макулдашуудан соң окууну каалаган кызматкерлерден эки топ түзүлүп, биринчи топ үчүн алгачкы окуу иштери 18-мартта башталды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Эки күндүк семинар-тренингдин жүрүшүндө катышуучулар кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелери, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, термин маселелери боюнча маалымат алышууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0