Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу 3 күн маал-маалы менен жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБалыкчы – Торугарт автожолу. Архив
Балыкчы – Торугарт автожолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолго 30-40 унаа чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу 22-марттан 25-мартка чейин жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Жол жабык белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноорузда Бишкектеги айрым көчөлөр жабылат
Маалыматка ылайык, поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Боом капчыгайындагы 108-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. 

Аталган багыт, Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат. 

Эгер 30-40 унаа чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт. 

Таштарды кулатуу күндүз, күн ачык мезгилде жүргүзүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0