Аксы окуясынын 14 жылдыгына карата президенттин атынан Бишкектеги монументке гүл коюлду

Жазылуу
Мамлекет башчысы Аксы окуясынын 14 жылдыгы белгилене турган Боспиек айлында эскерүү иш-чарасына катышып жатат.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Аксы окуясынын 14 жылдыгына карата борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюлду.

Учурда мамлекет башчысы Атамбаев Аксы окуясынын 14-жылдыгы белгилене турган Боспиек айылында эскерүү иш-чарасына катышып жатат.

Кыргызстандын тарыхында "Аксы окуясы" деген ат менен белгилүү болгон саясий нааразычылыкка чыккан элге ок атылган кандуу окуяга быйыл 14 жыл толду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0