Болливуд көл өрөөнүнүн кооз пейзажында тасма тартууга ниеттенип жатат

© Фото / Александр ФедоровАллея Раппопорт вдоль трассы в Иссык-Кульской области
Аллея Раппопорт вдоль трассы в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дүйнөлүк киноиндустрияда тасма тартуу боюнча Индиянын Болливуду биринчи орунду ээлейт.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Индиянын Болливуду Ысык-Көл өрөөнүнүн кооз аймактарында кино тартууга ниеттенип жатат. Бул туурасында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Индиянын КРдеги элчиси Жаянт Кхобрагаде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Асхат Акибаев менен жолугушууда маданият тармагында да кызматташуу боюнча сүйлөштү. 

"Элчи Жаянт Кхобрагаде Акибаев менен жолугушууда Болливуддун Ысык-Көл аймагындагы кооз пейзажда кино тартууну планы туурасында айтты", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Мындан сырткары туризм жаатындагы алака түзүү туурасында сүйлөшүү болду. Тагыраагы, Индия тарап КРде өткүрүлүүчү эл аралык "Салам, Ысык-Көл!" туристтик жармаңкеге катышууга кызыкчылыгын билдирди. 

"Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну, албетте, Кыргызстан үчүн бренд болуп калды жана ал учурда да кызыгууларды жаратууда",— деди элчи Кхобрагаде.

Учурда дүйнөлүк киноиндустрияда тасма тартуу боюнча Индиянын Болливуду биринчи орунду ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0