Олимпиадачылар үчүн кийим дизайны боюнча сынактын мөөнөтү жылды

© AFP / ANDREJ ISAKOVICСочидеги олимпиадалык оюндарындагы Кыргызстандык спортчулардын чыгуусу. Архив
Сочидеги олимпиадалык оюндарындагы Кыргызстандык спортчулардын чыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча конкурска бир гана ишкана 2016-жылы өтө турган Олимпиадага катышуучу кыргызстандык делегациянын кийиминин эскизин жөнөттү.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Олимпиадачылар үчүн кийим дизайны боюнча сынактын мөөнөтү жылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин белгиленген 15-мартка чейин форманын эскизин бир гана ишкана жөнөткөн, андыктан сынактын мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынды.

Сынакка жергиликтүү ишканалар менен дизайнерлер катыша алат. Форма өзүнө баш кийим, негизги кийим жана улуттук элементтерди камтыган аксессуарларды камтышы керек.

"Биринчи талаптар милдеттүү түрдө аткарылышы шарт, калганына эркиндик берилди. Өң-түсү, стилистикасына чектөө жок. Сынактын катышуучусу аталган эскиздин автору болушу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

2016-жылкы Олимпиада оюндарынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбандар Астанада олимпиаданын лицензиясы үчүн күч сынашат
Сынакка А2 форматындагы түстүү эскиздер кабыл алынат.

Жайкы Олимпиада оюндары Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 5-21-август күндөрү өтөт. 28 спорттун түрү боюнча 306 медалдын комплектиси ойнотулат.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика) жана грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев Олимпиадага катышууга уруксат берүүчү лицензияга ээ болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0