Элчилик: Анкарадагы жарылуудан каза болгондордун тизмесинде кыргызстандыктар жок

© AFP / EROL UCEEMТүркиянын борбору Анкарадагы жарылуу
Түркиянын борбору Анкарадагы жарылуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин КР ТИМи кырсыкка кабылгандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жаткандыгын айткан.

БИШКЕК, 15-мар — Sputnik. Түркиянын борбору Анкарадагы жарылуудан каза болуп жана жабырлангандардын тизмесинде Кыргызстандын атуулдары жок. Бул туурасында КРдин Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

"Акыркы маалыматтарга караганда, Түркия тараптын каза болуп жана жабырлангандарды каттаган тизмесинде биздин жарандар жок. Андан улам, Анкарадагы терактыга кыргызстандыктар кабылбагандыгын ишенимдүү айтсак болот", — деп билдиришти элчиликтен.

Буга чейин ТИМ кырсыкка кабылгандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу боюнча маалыматы жоктугун, аны тактап жаткандыгын айткан

Жардыруу 13-мартта Түркиянын өкмөт башчысынын кеңселеринин бирине жакын жерде кечке жуук жасалган. Бул терактыдан 34 киши каза таап, 125и жарадар болгон. Алардын ичинен 19 адамдын абалы өтө оор экендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0