ТИМ эл аралык документтерди электрондук архивге өткөрө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютер клавиатурасы. Архив
Компьютер клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик архивдеги кагаз документтердин көлөмү менен учурдагы абалын эске алып, электрондук архивге киргизүүнүн технологияларын иштеп чыгып, аларды маалымат базасында сактоонун программасын түзгөн.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын эл аралык келишимдерин электрондук архивге өткөрө баштаганын аталган мекеме билдирди.

Компьютерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Электрондук тейлөө порталы ишке киргизилди
Электрондук архивдөө маселеси былтыр жай айында ТИМдин коллегиялык жыйынында премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда талкууланган. Аны ишке киргизүү министрликтин архивиндеги эл аралык келишимдердин тексттик варианттарынын сакталышын камсыздоо муктаждыгынан улам келип чыккан.

Мында архивдеги кагаз документтердин көлөмү менен учурдагы абалы эске алынып, электрондук архивге киргизүүнүн технологиялары иштелип чыгып, аларды маалымат базасында сактоонун программасы түзүлгөн.

Андан сырткары, министрлик документтерди сканерлөө жана архивдөөчү аппарат сатып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0