Кара-Балтада инкассатордун тонолушуна айдоочунун тиешеси бар экени аныкталды

Жазылуу
Тергөөнүн жүрүшүндө айдоочу май куюучу жайдын акчасын ташууга милдеттендирилген. Бирок ошол күнү ал эки шериги жок, сменге өзү жалгыз чыккан. Мындан тышкары, берген көрсөтмөсүндө бир катар пикир келишпестиктер аныкталып, тергөө тобун жаңылтууга аракет кылган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Февралдын башында Кара-Балта шаарынын жанынан каракчыларга туш болгон инкассатордун айдоочусуна жалган көрсөтмө бергени үчүн кылмыш иши козголду деп ИИМ билдирди.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Бишкекте акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет жасалып, атышуу болду
Эскерте кетсек, 1-февраль күнү Жайыл районунда "ГазпромнефтьАзия" компаниясына таандык инкассатордук унаа тонолуп, айдоочусу санына ок жеп ооруканага түшкөн. Анын айтымында, унааны Жол кайгуул кызматынын инспекторлору токтотуп, курал пайдалануу менен 1 миллион 250 миң сомду алып кетишкен. 

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө айдоочу май куюучу жайдын акчасын ташууга милдеттендирилген. Бирок ошол күнү ал эки шериги жок, сменге өзү жалгыз чыккан. Мындан тышкары, берген көрсөтмөсүндө бир катар пикир келишпестиктер аныкталып, тергөө тобун жаңылтууга аракет кылган.

Учурда айдоочуга карата Кылмыш жаза кодексинин 330-беренесинин (Атайылап жалган көрсөтмө берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0