Сариев: Кышында жарык өчпөсүн деп Бишкек ТЭЦине күнүнө 8 миң тонна көмүр жагылды

Жазылуу
Өкмөт башчы көпчүлүк коалициянын жыйынында 2016-жылы Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кышында элди туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн Бишкек жылуулук борборуна күнүнө 8 миң тонна көмүр жагылды. Бул тууралуу өлкө башчысы Жогорку Кеӊештин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, учурда өкмөт башчы 2016-жылы Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча маалымат берүүдө.

Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдеги дарыяларга кубаттулугу 180 мегаватт-саатка жеткен 87 кичи ГЭС курууга болот
Сариевдин айтымында кышында Бишкек жылуулук борбору өз күчүн 360 мегаваттан кем кылган жок. Ал ошондой эле, элди туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга жетишүү керектигин кошумчалады.

Андан сырткары Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу боюнча Чехиядан инвестиция тартылып жатканын белгилеп, инвестиция эки жыл ичинде салынарын айтты.

Ошондой эле, Бишкек жылуулук борборунун кубаттуулугун арттыруу үчүн реконструкция жүрүп жатканын, андан сырткары Камбар-Ата ГЭСинин экинчи агрегатын куруу боюнча аракеттер көрүлүп жаканын Сариев баса белгиледи.

Бишкек шаарында жылытуу сезону 2015-жылдын 20-ноябрында башталып, 2016-жылдын 10-мартында аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0