Бельгиядагы кыргызстандыктар жазды тосуп алышты

© пресс-служба ассоциации "Замандаш"Бельгиядагы кыргызстандыктар жазды тосуу майрамында
Бельгиядагы кыргызстандыктар жазды тосуу майрамында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар мекенден алыс жүрүшкөнүн айтып, мындай иш-чаралар тилди, улуттук каада-салтты унутпоого шарт түзөрүн айтышат.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бельгияда жашап-иштеген кыргызстандык жарандар жазды тосуп, удаа келген жаз, 8-март жана Нооруз майрамдарын белгилешкенин "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамга мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү чогулган. 

"Биз мекенибизден алыс жүрөбүз. Ушундай майрам сайын чогулуп, башка улуттун өкүлдөрүн чакырып, пикир алышабыз, көйгөйлөр менен бөлүшөбүз. Бул тилибизди, каада-салттарыбызды унутпоого шарт түзөт", — дешет мекендештер.

Майрамга келген коноктор ар кыл сынактарга катышып, иш-чара улуттук кийим-кеченин модасы менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0