WhatsApp-канал: "Чыгыш-5" кичи районунда газ жок

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" аталган райондо көгүлтүр оттун өчүрүлүш себебин түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунда газ жок болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-канал аркылуу окурман билдирген.

Анын айтымында, газ берүү аймактагы бир катар үйлөрдө токтотулган.

WhatsApp-канал: Чок-Тал айылындагы жолдогу теректер кыйылууда
Буга чейин "Газпром Кыргызстан" ишканасы 12-20-март күндөрү айрым аймактарда газ өчүрө турганын маалымдаган. Компаниянын кызматкерлери Чүй проспектиси, Калинин көчөсү, Чоң Чүй каналы жана Аламүдүн суусу менен чектешкен бөлүгүндө ремонт иштерин жүргүзүшмөкчү. Мындан тышкары, Аламүдүн-1 кичи районунда, Садовое менен Восток айылдарында жана ГЭС-3 аймагында газ түтүктөрү оңдолору айтылган.

"Газпром Кыргызстан" ишканасы "Чыгыш-5" кичи районундагы бир нече үй, ошону менен бирге Гражданская, Огонбаев көчөлөрүндөгү жана Төкөлдөш конушунда көгүлтүр от берүү убактылуу токтотулганын белгилейт.

"Аталган аймак оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан жерден газга туташкан. План боюнча ремонт иштери 20-мартка чейин уланат. Эгер андан эрте бүтүп калса, газ эрте берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен бирге тургундар аба ырайынын суукташына карабай жылуулук өчүрүлгөнүнө нааразы болууда. Буга чейин мэрия аба ырайынын өзгөрүшүнө карабастан жылуулук берүү токтотула турганын билдирген.

Эгер сиз кандайдыр бир окуянын күбөсү болсоңуз, аны сүрөткө же камерага тартып алсаңыз, медиафайлдарды биздин Whats App каналыбызга +996 706 566 544 номери боюнча жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0